Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Ошто КСПДнын өкүлдөрү шайлоочуларды көзөмөлдөп жатат


Ошто КСПДнын өкүлдөрү шайлоочуларды көзөмөлдөп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы билдирди. Анын айтымында Оштогу №5912 кошумча шайлоо участогунда КСДП деген төш белги тагынган оп шайлоочулардын тизмесин көчөдө тактап отурат.

Алар шайлоо участокторунун сыртында көчө боюна отургучтарды тизип алышкан. Колдорунда тизме кагаздары бар. Добуш берүүдөн чыккан адамдар кайсы тармактын кызматкери экенин аларга айтып, шайлап чыкканын атайын белгилетип кетүүдө. Азырынча булардын аракетине эч ким эч кандай баа бере элек. (YI)

XS
SM
MD
LG