Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Палестиндерге Иерусалимдин байыркы бөлүгүнө кирүүгө тыюу салынды


Иерусалимдин байыркы бөлүгүндөгү Ал-Акса мечити.
Иерусалимдин байыркы бөлүгүндөгү Ал-Акса мечити.

Израиль палестиндердин Иерусалимдин Эски шаарына киришин кечээ эки башка кол салуудан эки адам өлүп, үчөө жаракат алгандан кийин чектеп жатат.

Полициянын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, бул чара Чыгыш Иерусалимдеги палестиндерге тиешелүү болот.

Эски шаарга израилдиктер, туристтер, ошол аймактын жашоочулары, бизнес ээлери, мектеп окуучулары гана киргизилет.

Ал эми айтылуу ал-Акса мечитине сыйынуу үчүн барган палестиндерден аялдар жана жаш курагы 50дөн ашкан эркектер гана коё берилет.

Палестин өкмөтү Израилдин кадамын “эскалациялык саясат” деп атап, айыптады. (UE)

XS
SM
MD
LG