Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Орусия Сириядагы аба соккуларын улантууда


Орус коргоо министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алардын аскерий учактары соңку 24 саатта 20 жолу абага көтөрүлүү менен “Ислам мамлекети” террордук тобунун 10 жайына сокку урду. Коргоо министрлиги кошумчалагандай, бутага террорчулардын машыгуу лагерлери жана жанкечтилерге бел кур жасоочу жайы алынды.

Бул аралыкта Батыш өлкөлөрү жана Сирия оппозициясы Орусиянын аба соккулары президент Башар Асад үчүн колдоо экенин жана “Ислам мамлекети” тобуна кирбеген согушкерлер да бутага алынып жатканын айтууда. Бирок Москва бул айыптарды четке кагып жатат.

Сириялык активисттердин ырастоосунда, аба соккулар учурунда ондогон жайкын тургундардын да өмүрү кыйылды.

Орусия Сириядагы операциясын 30-сентябрда баштап, кечээ аба соккулардын ыргагын күчөтүүнү убада кылган.

Москва ошондой алардын аба чабуулдарынын натыйжасында 600дөй согушкер өз турумдарын таштаганын жана Европаны көздөй качууга умтулуп жатканын да маалымдаган. (UE)

XS
SM
MD
LG