Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Нарын шаардык шайлоо комиссиясына ондон ашуун даттануу түштү


Нарын шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Асылкан Акетаеванын айтуусунда, добуш берүү жараянына нааразылыгын билдирип, кат жүзүндө беш, оозеки ондон ашуун даттануу түштү. Алардын басымдуу бөлүгү биометрикалык каттоодон өтүп, бирок тизмеден өзүн таба албагандар.

Ошондой эле облуста 200дөн ашуун мөөрү жок бюллеттень колдонулганын "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы билдирген. Бирок Акетаева бул олуттуу мыйзам бузуу эместигин айтты.

Кечки саат бешке карата Нарын облусундагы 150137 шайлоочунун 47 пайызы добуш берди. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG