Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

Ошто кызына жасалма күбөлүк даярдаган аял кармалды


Өзгөн районунун тургуну, 23 жаштагы О.М аттуу келин төрт жаштагы кызын ээрчитип, жасалма күбөлүк менен Ош-Москва багыты боюнча учууга камынып жаткан жеринен колго түштү. Ош майданында кармалган аял кызынын сүрөтүн башка 5 жаштагы кыздын күбөлүгүнө чаптап алганы аныкталды. Бул тууралуу Ош шаары жана Ош облусу боюнча милиция бөлүмүнөн кабарлашты.

4-октябрда бул факты боюнча тиешелүү берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Буга чейин да Ош эл аралык аэропортунан жасалма документтер менен баратып күч кызматтарына кармалган фактылар катталган. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG