Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Ошто саат кечки 7ге карата 65 миңден ашуун шайлоочу добуш берди


Саат 19:00дөгү маалымат боюнча, Ош шаарында шайлоого 65246 жаран катышып, жалпы шайлоочулардын 49% түздү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдинов билдирди.

Анын айтымына караганда, добуш берүү аяктап баратканына карабай, шайлоо участкаларына келген элдин агымы түгөнө элек.

Ош облусу жана Ош шаарынын аймагында жалпысынан 3500ден ашуун милиция жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, 6896 ыктыярдуу элдик кошундун өкүлдөрү иш алып барууда. Аймактык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, Ош шаарынын жана Ош областынын аймагында коомдук-саясий абал туруктуу.

Ош шаарында шайлоонун алдын ала жыйынтыктары кечки тогуздарга жакын чыга баштайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG