Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Исаков: Шайлоо таза өткөн жок


“Азаттык” партиясынын төрагасы Исмаил Исаков бул парламенттик шайлоо башынан эле мыйзам бузуулар менен башталган деп белгиледи. Анын айтуусунда, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзү баш болуп, Социал-демократтар партиясына үгүт жүргүзүп жүрдү:

- Партия болсо президентти колдойлу деп ураан чакырды. Биз бул боюнча БШКга кайрылганыбыздан натыйжа чыккан жок. Баягы эле бийликтин партиясы үчүн бийликтин машинасы аябай иштеди. Таза шайлоо болот деген – иллюзия. Мына, Алайга Оштон унаалар менен элди ташып жүрүштү.

Исмаил Исаков партия шайлоонун жыйынтыгына жараша саясий позициясын билдирет деп эскертти.

4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болду. Ага 14 саясий партия катышты. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча КСДП 26,89% менен биринчи орунда. “Республика Ата-Журт” 21,03% экинчи орунда. "Кыргызстан" саясий партиясы 17,02%, “Өнүгүү-Прогресс” 9,19%, “Бир Бол” партиясы 8,32%, “Ата Мекен” 7,88% добушка ээ болду.

“Азаттык” саясий партиясы 0,32% менен эң аз добуш алды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG