Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

1 миллиондон ашуун шайлоочу добуш берүүгө катышкан жок


Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргени боюнча, биометрикалык маалыматтарын тапшырып, расмий шайлоочунун тизмесине киргизилген 1 млн. 335 722 жаран парламенттик шайлоодо добуш берген жок. Буга азырынча шайлоочулардын добуш берүү жараянына кайдыгер караганы себеп болгондугу айтылууда. Ошол эле учурда айрым саясий партиялар жана байкоочулар шайлоочулар тизмеде бар болсо да, алардын аты-жөнү катталган жериндеги участоктун тизмесинен эмес, башка жактан чыгып жатканын белгилеп, буга БШКны жана аймактык шайлоо комиссияларын айыпташууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулар өздөрүнүн аты-жөнүн тиешелүү участокко караштуу тизмеден аныктоо үчүн 19-сентябрга чейин мөөнөт берилгенин белгилөөдө.

БШКнын расмий маалыматы боюнча жалпы 2 млн. 761 297 шайлоочу катталган. 4-октябрда 1 млн. 425 575 жаран добуш берүүгө катышкан жок. Добуш берүү 2374 шайлоо участогунда жүрдү, алардын 36сы чет мамлекеттерде жайгашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG