Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

Турсунбеков: КСДПнын жеңишине президенттин салымы чоң


Парламенттик шайлоодо эң көп добуш алган Кыргызстан социал-демократтар партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков алардын жеңишке жетишине президент Алмазбек Атамбаевдин салымы чоң экенин айтты. Мындай пикирин Турсунбеков добуш берүү аяктагандан соң уюштурулган маалымат жыйынында билдирди. Ал мамлекет башчы түптөгөн партияга элдин ишеними чоң экени шайлоодо далилденди деген оюн кошумчалады.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев да КСДП анын партиясы экенин ачык айтып келген.

Партия 4-октябрда өткөн шайлоодо 27,48% добуш алды. БШК алдын-ала КСДПга 38 мандат тиерин маалымдаган. (SE\TSh)

XS
SM
MD
LG