Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Грузияда оппозициядагы активисттер ачкачылык жарыялады


Тбилисиде оппозициялык маанайдагы “Эркин аймак” деп аталган бейөкмөт жаштар уюмунун эки өкүлү жана “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын бир лидери бейбаштык кылды деген шек менен камакка алынды. Ника Нарсия, Мириан Деисадзе жана Каха Габуния сөз эркиндигин сактоо талабы менен парламенттин алдына пикетке чыгышкан.

Акция учурунда алар башкаруучу коалиция депутаттары менен жаңжалдашкан эле. Үчөө камакка алынгандан соң бийликке нааразылыгын билдирип, ачкачылык жарыялашканын алардын тарапкерлери “Азаттыкка” кабарлады.

Камакка алынган досторуна тилектештик билдирүү максатында дагы бир канча адам мэриянын жанында ачкачылык акциясын баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG