Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:59

Палестинада Израилге каршы акция өттү


Палестиндерге Иерусалимдин байыркы бөлүгүнө кирүүгө тыюу салынганына байланыштуу нааразылык акциясы болду. Жекшемби күнү пикетке чыккан палестиндер муну эскалациялык саясат деп атады.

Палестин өкмөтү да Израилдин кадамына ушундай баа берген эле.

Ишемби күнү эки жолку кол салуудан эки адам каза таап, үчөө жараат алган. Мындан улам Израил палестиндердин Иерусалимдин Эски шаарына киришин чектеген.

Жаңы чечим боюнча Эски шаарга израилдиктер, туристтер, ошол аймактын жашоочулары, бизнес ээлери, мектеп окуучулары жана улгайган израилдиктер гана киргизилет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG