Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Беларуста Орусия авиабазасына каршы митинг болду


Минск шаарынын борборунда 4-октябрь күнү топтолгон жүздөгөн протестчилер Беларус аймагына орус авиабазасын киргизбөө талабын коюшту. Бир канча саатка созулган нааразылык акциясына 500дөн ашуун адам катышканы кабарланды.

Мурда президенттикке талапкер болгон Николай Статкевич Орусиянын планын ишке ашырууга уруксат берүү беларус бийлигинин чекилиги болорун айтып, бул кадамдын артында Украинага аскерий басым өткөрүү аракети жатканын белгиледи.

Сентябрда Орусия президенти Владимир Путин Беларуска авиабаза жайгаштыруу боюнча өкмөттүн сунушун жактырып, келишим түзүүгө макулдук берген. Акцияга чыккандар бул келишимге кол койбоону беларус бийлигинен талап кылышты.

Беларуста азыр Орусиянын эки аскерий объектиси бар. Бири – радиолокациялык станция, экинчиси - суу асты байланышы борбору. (SE)

XS
SM
MD
LG