Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:13

БШК: 60% шайлоочу добуш берди


Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматына ылайык 60 пайыз шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.

Анын айтуусуда, добуш берүүгө 1 млн 557 миң 442 адам катышты. Бюллетендердин 99,2% саналып бүттү, азырынча 22 участканын жыйынтыгы чыгалек.

БШКнын маалыматында 7 пайыздык босогодон өткөн партиялардын акыркы жыйынтыгы КСДП - 430 миң 430 добуш (27,4%), “Республика Ата-Журт” - 315 миң 446 (20,08%), “Кыргызстан” - 202 миң 62 (12,8%), “Өнүгүү-Прогресс” - 146 миң 50 (9,3%), “Бир бол” 133 миң 847 (8,5%), “Ата Мекен” 121 миң 847 (7,75%). (TSh/AKu)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG