Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:48

Нарымбаев менен Коркмазовдун иши боюнча Түлеевдин кызы көрсөтмө берди


Бүгүн Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңеш депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге байланыштуу ишти карады. Анда Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева бул иш боюнча агасы Бакыт менен иниси Нарынбек суралганын маалымдады. Түлеева кылмыш ишти жеңилдетүү максатында пара суралганын айтты.

Бул маалыматты “Азаттыкка” Коркмазовдун адвокаты Кайрат Загибаев билдирди. Анын айтуусунда, кийинки отурум 15-октябрда өтөт жана ага күбө катары КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков чакырылган.

Быйыл 15-июлда Коркмазов камакта отурган Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин ишин жеңилдетүү максатында анын жакындарынан 200 миң доллар пара сурап, анын 100 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланган.

Кийинчерээк бул ишке Данияр Нарымбаевдин да катышы бар экени айтылып, ал 22-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалган. Коркмазов ден соолугуна байланыштуу алгач үй камагына чыгарылып, кийин кайра абакка отургузулган. (КE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG