Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Кулов: Шайлоо болуп көрбөгөндөй добуш сатып алуу менен өттү


“Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов билдирүү таратып, анда добуш сатып алуу мурдагы шайлоолордон дагы көп болгонун айтты.

Кулов өз билдирүүсүндө техникалык кемчиликтерди эске албаганда, жалпы шайлоонун жүрүшү таза, ачык өткөнүн, биометрикалык маалымат, электрондук үкөк колдонуу ыкмасы жакшы иштегенин белгилеген.

Партиянын байкоосунда, кошумча шайлоо участкаларында кезек күтмөйлөр, айрым жерлерде техникалар иштебей калганы, тобу менен жаштарды шайлоого ташыгандар көп катталган.

“Ар-Намыс” парламентке өткөн партияларга ийгилик каалап, эми тоодой убадаларын аткарылышы кыйын болорун белгилейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG