Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Алайда журналисттерге ыдык көрсөтүү боюнча иликтөө жүрүүдө


Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Кечээ, 4-октябрда Алай районунун борбору Гүлчө айылындагы №5144 тилкесинде добуш берүүнү тартып аткан «Ош пирим» телеканалынын журналисттик тобуна ошо жердеги партиялардын бир нече өкүлү ыдык көрсөтүшкөн. Участокко кирип бараткан оператор Нуржигит Чолпонбаевди алар желкеден кармап сыртка сүйрөп чыгып, жаакка чабышкан.

Белгисиз топ журналист Абай Большевиковго да кол көтөрүп, камерасын тартып алган. Алар бир сыйра ызы-чуудан кийин гана журналисттерге техникасын кайтарып беришкен.

Түшкө жуук орун алган окуя боюнча журналисттер милицияга арыз жазышкан. Бул иш учурда Алай райондук ички иштер башкармалыгында иликтенүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG