Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

“Улуу Кыргызстан”: Бул шайлоодо биз уттук


“Улуу Кыргызстан” саясий партиясынын өкүлү Максат Касенов “Азатыкка” шайлоонун жыйынтыгы менен макул экенин билдирди. Бирок, партиянын баамында, бул жолку шайлоодо болуп көрбөгөндөй добуш сатып алуулар болду.

- Бул шайлоо акча сүйлөп турган жерде, акыйкаттык ыйлап турат дегендей эле өттү, – деди Касенов.

Касенов шайлоодо аты белгилүү партиялардан арбын добуш алышканын утуш катары баалап, башка партиялардай үгүт иштеринде көп суммадагы акча сарптай алышпаганын белгиледи.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Ага 14 партия катышып, 7 пайыздык босогодон КСДП, “Республика Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир бол”, “Ата Мекен” партиялары гана өтүштү. (TSh)

XS
SM
MD
LG