Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

Дүйнөлүк банктын божомолдоруна ылайык, быйылкы жылдын этегине карай дүйнө калкынын 9,6 процентиндейи өтө жакырчылыкта жашап калат. Алгачкы жолу тарыхта бул көрсөткүч 10 проценттен төмөн.

Ошол 702 миллиондой адамдын ири бөлүгү Африка жана Азияга туура келет. 2012-жыл бул көрсөткүч 12,8 процентти түзгөн.

Дүйнөлүк банктын төрагасы Жим Ен Ким “Биз жакырчылыкты жоюуга кудуреттүү адамзат тарыхындагы алгачкы муунбуз” деп белгиледи.

Дүйнөлүк финансылык институттун маалыматына караганда, мурда күнүнө 1,2 доллар киреше тапкандар өтө кедей деп саналаса, азыр бул көрсөткүч 1,9 долларга көтөрүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG