Линктер

жума, 31-март, 2017 Бишкек убактысы 04:52

Жалал-Абад: Көпүрө курулушунан акча кымтыгандар тергелүүдө


Жалал-Абад облустук курулуш башкармалыгы, Бишкек - Ош автожолунун Башкы дирекциясы Сузак районундагы Орто-Сай айылы аркылуу өткөн Көгарт дарыясына көпүрө салуу учурунда аткарылган иштердин көлөмүн жасалма түрдө көбөйтүп, курулушка 12 миллион сом каражат сарпталганын көрсөтүшкөн. Иш жүзүндө керектүү жабдыктар 6 миллион сомго гана сатылып алынганы Башкы прокуратура тарабынан аныкталды.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелерине ылайык иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. (TSh/AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG