5-октябрда белгиленчү бул майрам парламенттик шайлоого удаалаш келип калганы үчүн белгиленген жок. Ош шаар башчысынын буйругу менен калаанын туулган күнүн белгилөө 29-октябрга калтырылган.
Жыл сайын Оштун өздүк майрамы бир катар маданий жана спорттук иш-чаралар коштолот. Быйыл аталган датага карата эстакадалык көпүрө баш болгон бир нече социалдык курулуштар аягына чыкмакчы.
Ош шаары быйыл 3015 жашка толот. 2000-жылдын октябрь айында түштүк борбор калаа 3000 жылдык мааракесин алгач ирет белгиленген. (ErN)