Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

ЕККУ: “Азаттык” шайлоону калыс чагылдырды


Бүгүн Бишкекте ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары шайлоо өнөктүгүнүн маалымат каражаттарында чагылдырылышы тууралуу маалымат беришти.

Байкоочулардын отчетунда маалымат каражаттары шайлоо өнөктүгүн чагылдырууну негизинен акча иштеп табуу булагы катары кабыл алышканы белгиленген. Коомдук Биринчи каналда шайлоого катышкандар үчүн берилген эфирдин 80 пайызга жакынына акча төлөнгөн. Ушундай эле көрүнүш башка каналдарда да кезигет.

Ошондой эле партиялар, алардын программалары, иш-максаттары талдоого алынган, бирок ошол эле мезгилде иликтөө материалдары өтө аз болгону белгиленген. Мындан сырткары эл аралык байкоочулардын отчетунда өкмөттүн, президенттин ишин мактаган айрым маалымат каражаттарына салыштырмалуу “Азаттык” радиосу бейтарап маалыматтарды бергени, бир да саясий партияга артыкчылык бербегени белгиленген.

Парламенттик шайлоого 600дөн ашуун эл аралык байкоочу көз салды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG