Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

НАТО орус учактарынын түрк аба мейкиндигин бузгандыгын айыптады


НАТО Орусиянын Түркиянын аба мейкиндигин бузушун айыптап, муну "кооптуу жана жоопкерчиликсиз" жорук деп атады. Анкаранын ырастоосунда, 3-октябрда орусиялык согуш учактары түрк учактары тарабынан өлкөнүн аба мейкиндигинен чыгарылган. Ошондой эле эртеси Сирия менен чек араны кайтарган түркиялык кайгуул учактар белгисиз учактын “кысымына” туш болушкан. Түндүк альянс 5-октябрдагы чукул жыйындан кийин “өнөктөштөр Түркиянын суверендүү аба мейкиндигин, НАТОнун аба мейкиндигин бузууну айыптайт” деп билдирди. Альянс ошондой эле Москвадан Сирия оппозициясына жана жайкын тургундарга сокку урууларды токтотууну талап кылды. НАТО Орусия президент Башар Асадга каршы күрөшкөн козголоңчулардын жайларын бутага алганын сындап келатат.

XS
SM
MD
LG