Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Атамбаев: Добуш сатуу шайлоого көлөкө түшүрдү


Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кечээ, 5-октябрда шайлоого байкоо салган эл аралык миссиялардын башчылары менен жолугушуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын талкуулды. Президент Атамбаев таза жана калыс шайлоо өткөрүү кыялы ишке ашканын баса белгилеп, шайлоодогу терс көрүнуш катары партиялардын жарандардан добуш сатып алуусун айтты. Президенттин айтуусунда, эски режимден калган добуш сатуу өнөкөтү шайлоого көлөкө түшүрдү.

Өз кезинде эл аралык байкоочулар миссия башчылары шайлоо жогорку деңгээлде өттү, деп баа беришти. КМШ аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Гаркун парламенттин депутаттарын шайлоону таза жана калыс өткөрүү боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы башка мамлекеттерге үлгү болот деди.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп өттү. Ат салышкан 14 партиянын алтысы жеңишке жетишти. Шайлоого 600дөн ашык эл аралык байкоочу көз салды. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG