Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Шайлоонун расмий жыйынтыгы 20 күн ичинде белгилүү болот


Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун расмий жыйынтыгы мыйзам боюнча 20 күн ичинде жарыяланат. Бирок добуштар андан да эрте саналып бүтүшү мүмкүн. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча байланыш начар болгон 74 шайлоо участкасындагы бюллетендер толук санала элек. Аталган аймактардагы шайлоочулардын саны 60 миңге жакын.

Шайлоонун жыйынтыгын БШК расмий түрдө жарыялагандан кийин президент кайсы бир фракцияга коалиция түзүү мандатын тапшырат. 15 күндүн ичинде коалиция куралып, өкмөт башчы шайланышы керек.

4-октябрдагы шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча КСДП шайлоочулардын 27,4% добушу менен 38 мандатка,“Республика Ата-Журт” 20,13% добуш менен 28 мандатка,“Кыргызстан” 12,75 пайыз добуш менен 18 мандатка ээ болот. “Өнүгүү-Прогресс” 9,32% менен 13 орун алса, “Бир Бол” партиясы 8,44% добуш менен 12 орунга жетишет. “Ата Мекен” 7,76% добуш менен 11 мандатка ээ болот. (UEz)

XS
SM
MD
LG