Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Ошто тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш аяктады


4-октябрь - Ош шаарынын күнүнө арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш аяктады. Мелдештин башкы калысы Гүлнара Мурзакаримованын “Азаттыкка” билдиришинче, оюндар 29-сентябрда башталган. Ошто алгач ирет уюштурулган турнирге Кыргызстандын аймактарынан жана Казакстандын Чымкент облусунан 17 командадан 80ге жакын оюнчу катышкан. Жыйынтыгында эркектер арасында Кыргызстан командасынан Азия чемпиону, дүйнө чемпиондугунун күмүш, коло байгелеринин ээси Анарбек Жамакеев жеңишке жеткен. Экинчи орунду Бишкек шаарынын өкүлү Мураталы Исмаилов, 3-орунду Чымкент облусунан келген Сабит Сапарбеков ээлеген. Кыз-келиндер арасында Чымкент облусунан келген эл аралык даражадагы спорт чебери, дүйнө чемпиону Салтанат Сапарбекова биринчи орунду алды. Күмүш жана коло байгелерге Кыргызстан командасынан Аида Керимбекова менен Айтурган Максатбек кызы ээ болушту.

Командалык эсепте эркектер арасында 1-орун Бишкек, 2-орун Кыргызстан, 3-орун Чымкент облусунун командасына ыйгарылды. Кыз-келиндер арасында Кыргызстан командасы жеңүүчү аталса, 2-орунду Чымкент облусунун тогуз коргоолчулары, 3-орунду Ош шаарынын оюнчулары алышты. Жеңүүчүлөргө Ош шаардык Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан диплом, медалдар жана баалуу белектер тапшырылды. Мелдештин жалпы байге фонду 150 миң сомду түздү. (ECh)

XS
SM
MD
LG