Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан 15 киши жабыркады


Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек-Ош кан жолундагы кырсыктан бир киши каза таап, 15и жабыркады.

Маалыматка караганда, 5-октябрда кечки саат 5:30дар чамасында “Мерседес-Бенц-212 D” үлгүдөгү машинанын айдоочусу каршы багытка чыгып, “Мерседес-Бенц-АКТРОС” жүк ташуучу унааcsy сүзгөн. Алган жараатынан улам 37 жаштагы Талантбек аттуу жаран Жайыл районунун ооруканасында каза болду. Микроавтобустагы ар кандай жараат алган 15 киши ооруканага жаткырылды. Микроавтобустун айдоочусу машинасын жана жабыркагандарды таштап качып кеткен. Тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп, материалдар Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, быйыл жети ай аралыгында 3700дөн ашуун жол кырсыгы катталган. Натыйжада 547 адам каза тапкан, алардын 53ү балдар. Жабыркаган балдардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 5 пайызга өскөн. Жол кырсыктарынан жалпысынан 5,5 миңге жакын киши ар кандай жараат алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG