Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

Мадумаров: БШКдан добуштарды кайра саноону талап кылабыз


БШКнын добуштарды автоматташтырылган эсеби менен кол санактын айырмасы өтө чоң чыгып жатат. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров билдирди. Анын айтуусунда, партия Ош жана Жалал-Абдаддан алган добуштарын кол менен санаганда 37 миң добуш айырма чыккан.

- Азыр биз Ош, Жалал-Абад облустары боюнча бардык протоколдорду чогулттук. Айырма өтө чоң болуп жатат. Эки облуста эле айырма 37 миң добушту түздү. Эгер мындай боло турган болсо БШКдан күмөндүү участокторду кайра кол менен саноону талап кылабыз, - деди Мадумаров.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы БШКнын алдын-ала маалыматы боюнча шайлоого катышкандардын 6, 15 пайыз добушун алган. Бул партия 2010-жылкы шайлоодо да 7 пайыздык тосмону аша албай калган. (UEz)

XS
SM
MD
LG