Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Оксана Малеванаянын соту дагы жылдырылды


Бишкектин Октябрь райондук соту Оксана Малеванаяга байланыштуу ишти кароону 29-октябрга жылдырды. Бул ишке байланыштуу күбөлөрдү камсыз кылуу талабы менен ушундай чечим кабыл алынганын аталган мекемеден “Азаттыкка” билдиришти. Буга чейин Малеванаянын адвокаты Балтабаева аны коргоодон баш тартып, соттук жараян бүгүнкү күнгө жылдырылган.

Малеваная мурдагы президент Курманбек Бакиевдин алдында түзүлгөн катчылыкты башкарып турган болчу. 2010-жылдагы окуялардан кийин өлкөдөн качып кеткен.

Кыргызстандын тергөө органдары аны Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) жана 211-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыптоодо.

Кылмыш иш “Учкун” ачык акционердик коомунун имаратынын 15-16-кабаттарын “КООРТ” телекомпаниясы үчүн мыйзамсыз бөлүп алуу фактысы боюнча козголгон. (KЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG