Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

“Бир дүйнө Кыргызстан”: Шайлоо күнү БШК өз функциясын так аткарган жок


Мындай маалымат “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын шайлоо маалындагы байкоолорунун жыйынтык отчетунда берилген. Шайлоо күнү добуш берүүнүн жыйынтыгын чагылдырууда БШК экинчи орунда калды. Анткени добуш берүүчүлөрдүн саны кечигүү менен берилип, 18:00дө өкмөт башчы Темир Сариев менен анын орун басары Таирбек Сарпашев шайлоо комиссиясынын ролун аткарып маалымат беришти.

Ошол эле учурда шайлоо жыйынтыкталган 20:00дө канча адам добуш берүүгө катышкандыгы тууралуу көрсөткүчтөр айтылбай, БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов эки саттан соң гана шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары тизмеден өзүп таппай калган жарандар боюнча эч ким жоопкерчилик алган жок, деп айтылат билдирүүдө.

Аталган кыймыл 4-октябрдагы шайлоо айрым кемчиликтерди эске албаганда, эл аралык стандарт менен өткөндүгүн ырастады. Ошондой эле укук коргоо органдарын шайлоодогу добуш сатып алуулар боюнча иликтөө жүргүзүүнү сунуштайт.

“Бир дүйнө Кыргызстан” адам укугун коргоо кыймылы шайлоо күнү бардык аймактарда байкоо жүргүзүп, мыйзам бузуулар боюнча түз байланыш телефондорун уюштурган. (RsK)

XS
SM
MD
LG