Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Сириядан дагы үч миллиондой качкын чыгышы мүмкүн


Германияга кирген сириялык качкындар, 28-сентябрь, 2015.
Германияга кирген сириялык качкындар, 28-сентябрь, 2015.

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск Түркия Европа Биримдигине Сириядан дагы миллиондон ашуун качкын чыгышы мүмкүндүгүн эскерткенин айтып чыкты. Ал бүгүн Страсбургда ЕБ мыйзам чыгаруучуларына Түркиянын эсеби боюнча, Сириянын Алеппо шаары менен анын тегерегинен эле үч миллиондой качкын чыгышы ыктымалдыгын билдирди. Туск бул тууралуу бүгүн Брюсселде Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушкандан кийин айтты.

Маалыматтарга караганда, азыр Түркияда 2 миллиондой сириялык качкын баш калкалоодо, буга чейин он миңдеген качкын Греция аркылуу ЕБ аймагына кирген.

Европа Кеңешинин төрагасы ошондой эле депутаттардын алдында биримдиктин тегерегиндеги өлкөлөр качкындар маселесинде "Европага жардам бергендин ордуна канааттануу менен карап отурганын" белгилей кетти.

Сирияда жарандык согуш башталган 2011-жылдан бери төрт миллиондой адам "өз үй, өлөң төшөгүн" таштап, башка өлкөлөрдөн жай турмуш издеп кетүүгө аргасыз болгон. Евробиримдикке быйыл жыл башынан бери эле жарым миллиондон ашуун качкын кирген.

XS
SM
MD
LG