Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

Ошто бир жылда 103 эркек кризистик борборго кайрылды


Бул тууралуу Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова “Азаттыкка” билдирди. Жардам сурап кайрылган эркектердин 60% аялы каза болгондор. Алардын ичинде үйүндө балдары, кыздары батырбай кууп чыгып көчөдө калгандар да бар. Психологдун кеңешине муктаж болгон эркектердин арасында жубайынан запкы жегендер да катталды.

Ош шаарында жайгашкан “Ак жүрөк” кризистик борбору 2002-жылы ачылган. 2013-жылга чейин алар жалаң кыз-келиндерге жардам берип келсе, өткөн жылдан баштап эркек кишилерге да көмөк кылууда.

Он жыл ичинде аталган уюм 10 миңдей аял-эркекке жана 50дөй балага психологиялык, юридикалык жана социалдык жардам көрсөткөн. Өзгөчө 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин бул борбор зордук-зомбулукка кабылган келиндер менен иштөөнү күчөткөн. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG