Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Савченконун иши боюнча сотто күбөлөр суралууда


Надежда Савченко сот залында, 30-сентябрь, 2015.
Надежда Савченко сот залында, 30-сентябрь, 2015.

Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту украин учкучу Надежда Савченконун ишин кароону улантып жатат. Ал былтыр Украинанын чыгышында орусиялык эки журналист өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деп айыпталууда. Бүгүнкү сотто Савченко түшкөн машинени токтоткон Воронеж облусунун жол-кайгуул кызматынын өкүлү Михаил Луценко күбө катары суралды. Бирок ал суроолорго "эсимде жок, эстей албай жатам" деп жооп берип жатканы кабарланды.

Савченко буга чейинки сотто өзүнө тагылган айыптарды четке кагуу менен анын баары жалган жалаа экенин айткан. Ал өзүн орусиячыл жикчилдер кармап алып, Орусияга өткөрүп бергенин айтып келет. Украин бийлиги менен кошо Батыш өкмөттөрү жана эл аралык укук коргоочу уюмдар Орусиядан аны бошотууну талап кылып келатышат.

Эгер сот күнөөлүү деп тапса, 34 жаштагы Савченко 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Украин учкучу өткөн жылдын июль айынан бери Орусиянын абагында жатат.

XS
SM
MD
LG