Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Евробиримдик Кыргызстандагы шайлоо системасын жакшыртууга 13 млн. евро бөлөт


Европа биримдиги Кыргызстанда 2016-2017-жылдары өтчү шайлоо жараяндарын жакшыртууга 13,13 млн. евро бөлөт. Бул тууралуу биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

“Бул шайлоо атаандаштык, уюшкандык менен тынч өттү. ЕККУнун байкоочулар миссиясы бул жолу эркин тандоого шарт түзүлгөнүн белгилешти, бирок шайлоо жараянын дагы жакшыртып, ачыктыкты камсыз кылуу жана шайлоочулардын тизмеси, добуштарды саноого байланыштуу дагы көп иштерди жасоо керек”, - деп белгиленет биримдиктин расмий сайтындагы маалыматта.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Ага 14 партия катышып, алтоо утуп чыкты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG