Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясынын 23 өкүлү камалды


Тажикстан -- Ислам кайра жаралуу партиясынын өлкөдөн чыгып кеткен лидери Мухиддин Кабири
Тажикстан -- Ислам кайра жаралуу партиясынын өлкөдөн чыгып кеткен лидери Мухиддин Кабири

Тажик баш прокуратурасы өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын 23 активисти кармалганын кабарлады. Бүгүнкү билдирүүгө караганда, алар коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода башында турган чабуулдарга тиешеси бардыгы шектелүүдө. Аларга терроризм, расалык жана диний кастыкты козутуу, бийликти күчтөп ээлеп алууга аракет жасоо, конституциялык түзүлүштү кыйратууга чакырык таштоо беренелери боюнча иш козголду.

Коргоо министринин орун басары Абдулхалим Назарзода 16-сентябрдагы операция учурунда өлтүрүлгөн. Расмий Дүйшөмбү аны милиция бекеттерине жасалган кол салуу үчүн айыптаган. Кийинчерээк ал аталган партиянын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен соңку беш жыл ичинде кылмыштуу топ түзүп, аны башкарып келгени кабарланган.

Өлкө Жогорку Соту өткөн айдын этегинде Ислам кайра жаралуу партиясын террордук уюм деп тапкан. Ага чейин партиянын ишмердигине тыюу салынган эле.

Партиянын өлкөдөн чыгып кеткен лидери Мухиддин Кабири мындай айыптарды четке кагып, аны саясий себептерге байланыштырып келет.

XS
SM
MD
LG