Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Москва Сирияда жерден операция жүргүзүү ыктымалдыгын четке какты


Мария Захарова, орус ТИМинин өкүлү. Москва, 6-октябрь, 2015.
Мария Захарова, орус ТИМинин өкүлү. Москва, 6-октябрь, 2015.

"Кургакта эч кандай операция жүргүзүлбөйт, Сирия жеринед эч кандай орус аскер бөлүгү жок жана болбойт", - деп билдирди бүгүн Орусия ТИМинин өкүлү Мария Захарова. Мунун алдында CNN телеканалы Орусия Сирия президенти Башар Асаддын күчтөрүн колдоо максатында жерден да операция жүргүзүүгө даярданып жатышы мүмкүндүгүн Пентагондогу булагына таянып кабарлаган.

Орус аскерий учактары 30-сентябрдан тарта Сирияда аба соккуларын ура баштаган. Кремль муну “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшкөн Сирия аскерлерине колдоо катары сыпаттап келет.

Батыш менен Сирия оппозициясы Орусияны аба соккулары “Ислам мамлекети” тобун бутага албай эле, Асаддын режимине каршы козголоңчуларга багытталган болушу мүмкүндүгүн айтып келет.

XS
SM
MD
LG