Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Кундуздагы ооруканага жасалган аба соккусу иликтенүүдө


Ооганстандын Кундуз шаарында "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун ооруканасы бомбаланышын АКШ, НАТО жана Ооган бийликтери иликтөөдө. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун алгач бул окуяны бейтарап иликтөөгө чакырган. Дүйшөмбү күнү болсо баш катчынын өкүлү Стефан Дюжаррик адегенде башка иликтөөлөр бүткөрүлүшү зарыл экенин айтып чыкты.

Дипломаттык булактар Кундуздагы оорукананы бомбалоону АКШ жана НАТО калыс иликтерине ишеним артууда. Алардын пикиринде, жайкын тургундар такай бомбалоого алынып, согуш кылмышы жасалса анда иликтөөнү Улуттар уюму жүргүзмөк.

3-октябрда Кундузду талип согушкерлеринен бошотуу маалында аталган ооруканага АКШ учактары урган соккудан дарыгерлер жана бейтаптар болуп 22 адам ажал тапкан.

Ооганстандагы америкалык жана эл аралык күчтөрдүн командачысы генерал Жон Кэмпбеллдин 5-октябрда Пентагондо маалымдашынча, баштапкы тергөө сокку ооган аскерлеринин өтүнүчүнө ылайык урулганын көрсөткөн. Ооган бийликтери оорукананын аймагында жашынып алган 10-15 чакты согушкер ооган аскерлерине ок атканын айткан.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест бул апаатты иликтөөлөр трагедия кандай болгону жөнүндө мүмкүн болушунча так маалымат алууга багытталганын билдирди.

XS
SM
MD
LG