Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:37

Тажикстан ооган чегиндеги кырдаалга кабатыр


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Владимир Путинге анын өлкөсү ооган чек арасындагы соңку кырдаалга катуу кабатырланып жатканын айтты. Путин менен Рахмон Сочиде 6-октябрда жолугушту.

Орус президенти бул абал аны да ойго саларын ырастап, Ооганстан менен мамилени эки тараптуу талкуулоо зарылдыгын белгиледи.

Талибдер жакында эле тажик чегинен 70 чакырым алыстагы Ооганстандын Кундуз провинциясын толугу менен басып алган. Тажикстан Орусия сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн 1200 километрге созулган тажик-ооган чек арасын коргоого жардам алып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG