Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Ири карактоого шектелген грузиялык кримтөбөл кармалды


Жайыл районунда 10 миң доллар карактаган деген шек менен грузиялык кримтөбөл Александр Чанкселиани кармалды. Бул тууралуу Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрда жергиликтүү тургун “Лексус” унаасынан 10 миң долларды жана 150 миң сомду белгисиз адамдар карактап кеткенин милицияга билдирген.

Көп өтпөй Ново-Николаевка айылынан 1975-жылы туулган Грузия жараны Александр Чанкселиани кармалган. Ал крим дүйнөдө “блатной” деген каймана ат менен белгилүү. Ал айыптоону четке кагып, окуяга тиешеси жок экенин айтууда. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG