Линктер

жекшемби, 30-апрель, 2017 Бишкек убактысы 09:37

“Кыргыздипсервис” дайынсыз жоголгон 31 унаанын дипномуруна издөө жарыялады


Тышкы иштер министрлигинин алдындагы “Кыргыздипсервис” ишканасы 31 унаанын дипломатиялык номуруна издөө жарыялады. Мекеменин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркуловдун “Азаттыкка” ырасташынча, аталган номурлар уурдалган же дайынсыз жоголгон. Изи билинбей кеткен номурлар эл аралык уюмдардын унааларына тагылмак.

31 дипномур качан жана ким тарабынан уурдалганы белгисиз. Бирок ТИМ номурларды кайтаргандарга акчалай сыйлык коюп, алардын купуялуулугуна кепилдик берерин убада кылды. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG