Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Мугалимдердин айлыгы 50-80% жогорулады


Билим берүү жана илим министрлигиинин адиси Азис Мураталиевдин ырасташынча, мугалимдер сентябрь айлыгын 50-80 пайызга жогору алышты. Анын айтуусунда, учурда мугалимдин орточо айлыгы 11 миң сомду, ал эми бийик тоолуу аймактардагы эң жогорку маяна 19 800 сомду түзөт. Өкмөттүн жаңы токтому боюнча мектепке чейинки жана башталгыч класс мугалимдериники 80 пайызга, 5-11-класс окутуучуларыныкы 50 пайызга жана башка мектеп кызматкерлериники 20 пайызга көтөрүлгөн.

Деген менен айрым райондун мугалимдери маянаны мурункудай эле алганын билдиришүүдө. Муну министрлик шайлоого байланыштуу алысккы райондордогу мугалимдердин акысын эсептөөгө жетишпей калышканы менен түшүндүрүүдө.

Кыргызстанда 2207 мектеп бар. Анда 16 195 мугалим эмгектенет. Өкмөт 1-сентябрдан тарта мектепте иштегендердин айлыгын 50-80% көтөрүүгө бюджеттен 2,2 млрд. сом бөлгөн. 2011-2012-окуу жылында да айлыктар эки эсеге жакын көтөрүлгөн, бирок сааттардын кыскаруусу менен маяна мурунку абалына түшүп калган. (UEz)

XS
SM
MD
LG