Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Ошто казылыкка кайра сынак жарыяланды


Ош шаарынын казысына кайрадан сынак жарыяланды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты. Шаар казысы жана анын орунбасары кызматына талапкерлердин документтери бир ай бою кабыл алынат. Талапкерлер диний жана жогорку светтик билимге ээ болуусу, мамлекеттик тилди мыкты билүүсү, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү” мыйзамдан кабардар болуусу талап кылынат.

Ош шаар казысына 28-августтагы биринчи сынак талапкерлердин документтери толук болбогонунан улам кийинкиге жылдырылган болчу.

Калаада 59 мечит бар, анын отузунда жума намаздары окулат. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG