Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Спорт журналисти Кабыл Макешовдун грек-рим күрөшү тууралуу китеби жарык көрдү


Кабыл Макешов
Кабыл Макешов

Белгилүү спорт журналисти Кабыл Макешовдун “Кыргыз Республикасы: грек рим күрөшү - улут сыймыгы" аттуу китеби “Турар” басмаканасынан 1000 нускада жарык көрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” автор өзү кабарлады.

Кыргыз спортундагы грек-рим күрөшүнүн тарых-таржымалын кеңири чагылдырган мындай китеп спорт күйөрмандарына алгач ирет тартууланып жатат. Анда грек-рим күрөшүнүн Кыргызстандагы өсүп-өнүгүшүнүн тарыхы, олимпиада, Азия оюндарында, Азия жана дүйнө чемпионаттарында жеңишке жетишкен чыгаан балбандардын ийгиликтери, спорт ишмерлеринин, федерация жетекчилеринин жана белгилүү устаттардын өмүр баяндары камтылган.

Китеп тарыхый түстүү фотосүрөттөр, баяндар менен коштолуп, жалпы окурмандарга, дене тарбия жана спорт адистерине, жалпы эле спорт күйөрмандарына арналды.

Бул эмгек спорт журналисти Кабыл Макешовдун басмадан чыккан бешинчи китеби.

XS
SM
MD
LG