Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

БУУнун мурдагы аткаминери жемкорлукка шектелүүдө


АКШ бийлиги Бириккен Улуттар уюмунда мурда чоң кызматта иштеген Жон Эш жемкорлук кылганын айтып чыкты. Маалыматтарга караганда, ал 1 миллион 300 миң доллар пара алганы аныкталган.

Нью-Йорк прокуратурасы кабарлагандай, Эш кызматтык абалынан пайдаланып, кытайлык миллионер Нг Лап Сенгу аттуу жарандан пара сураган жана ага БУУ аркылуу кытайлык бизнесмендерге таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн убада кылган.

Жон Эш ошондой эле салыктан качканы үчүн да күнөөлөнүп жатат.

БУУ баш катчысы Пан Ги Мун бул айыптоо ал үчүн күтүүсүз болгонун айтып, тынчсыздануусун билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG