Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Путин туулган күнүн хоккейчилер менен бирге тосот


Орусия президенти Владимир Путин бүгүн 63 жашка чыгат. Ал жеке майрамын белгилүү хоккейчилер жана Түнкү хоккей лигасынын катышуучулары менен белгилерин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кабарлады.

-Путин хоккей ойнойт. Эски тааныштары жана ардагер-хоккейчилер менен ойноо президент үчүн салт болуп калган. Эртең Түнкү хоккей лигасы башталат. Анын алдында Путин лига катышуучулары менен хоккей ойнойт,- деди Песков.

Бүткүл орусиялык Түнкү хоккей лигасы Сочи шаарында өтөт. Бул оюн алгач 2011-жылы Путиндин демилгеси менен уюштурулган. (SE)

XS
SM
MD
LG