Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Фарид Ниязов президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды


Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Фарид Ниязов президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка президент бүгүн кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин аппаратты жетектеп турган Темир Жумакадыров кайрадан Коргоо кеңешинин катчысы болду.

Жумакадыров мурдагы аппарат башчы Данияр Нарымбаев иштен алынгандан кийин кызматка келген, ага чейин Коргоо кеңешинин катчысы болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG