Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:42

“Азаттык” партиясынын арызын ИИМ иликтейт


Парламенттик шайлоо күнү добушканаларга жарандарды ташып келүү боюнча “Азаттык” партиясы жазган арызды Ички иштер министрлиги иликтейт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Алай районуна миңдеген өзбек тектүү жарандарды унаада ташып келип, добуш алуу фактысы катталган. “Азаттык” партиясы муну Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) уюштурган деп айтууда.

КСДПдагылар шайлоо таза өткөнүн, добуш сатып алууларга байланыштуу сөздөр чындыкка дал келбестигин белгилөөдө.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өттү. Анда 14 партия ат салышып, алтоо жеңишке жетти. БШКга арыз жазган “Азаттык” партиясы эң аз добуш алган.

“Азаттык” партиясынын “Азаттык” радиосуна тиешеси жок. (SE)

XS
SM
MD
LG