Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Москва менен Анкара газ кууру боюнча келишимди даярдоодо


Москва “Түркия агымы” газ кууру боюнча өкмөт аралык келишимдин долбоорун даярдоодо. Бул жөнүндө "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер билдирип, келишимге эч кандай саясый жагдай таасир этпейт деген ишенимин айтты. Соңку күндөрү Орусиянын Сириядагы аскер учактары Түркиянын аба мейкиндигин эки мертебе бузганы Анкаранын нааразылыгын жараткан. Орусиянын энергетика министри А.Новак Стамбулда кабарчыларга айтышынча, келишимге Түркияда 1-ноябрда болчу парламенттик шайлоодон кийин, сыягы жыл башында кол коюлат окшойт.

“Түркия агымы” Кара деңиздин түбү менен Түркиянын Греция менен чек арасындагы терминалга тартылат. Эгер грек өкмөтү макул болсо, газ кууру андан ары Европаны көздөй узартылат.

XS
SM
MD
LG