Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Ошто троллейбус менен автобус сатып алуу маселеси чечиле элек


Ош шаарына жаңы троллейбустарды жана автобустарды сатып алууга керектүү каражат маселеси чечилбей жатат. Калаа бийлигинин 20 троллейбус жана 24 автобус сатып алуу боюнча тендерди 30-сентябрга чейин жарыялоо планы ишке ашпай калган.

Вице-мэр Кутманалы Абдрахманов иштин кечеңдешине Европа өнүктүрүү банкындагы шарттардын катаалдыгы себеп болуп жатканын айтты.

Аталган уюм Ош шаарын коомдук транспорт менен камсыз кылууга 8,5 миллион евро бөлүүнү убада кылган. Каражаттын жарымы грант түрүндө, жарымы 12 жылга 1,5% үстөгү менен берилиши керек.

Ошто азыр миңден ашуун маршруттук кичи автобус, 56 автобус, 17 троллейбус бар. (YI)

XS
SM
MD
LG