Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Генерал Кэмпбелл: Госпитал жаңылыш бомбаланды


АКШ армиясынын генералы Жон Кэмпбелл Сенаттагы угуу кезде. 6-октябрь
АКШ армиясынын генералы Жон Кэмпбелл Сенаттагы угуу кезде. 6-октябрь

Ооганстандагы америкалык жана коалициялык күчтөрдүн командири Кундуздагы госпитал “жаңылыштык бомбаланды” деди.

Генерал Жон Кэмпбелл 6-октябрда АКШ Сенатынын Аскер кызматтары комитетиндеги угууда госпиталга сокку шаардагы америкалык аскерлер менен байланышта турган америкалык офицерлер тарабынан кабыл алынды деди: "Ачык болуш үчүн айтып койсом: Абадан чабуул жасоо жөнүндө чечимди АКШ америкалык аскерий субординацияга ылайык кабыл алган. Госпиталга сокку жаңылыш урулган. Биз эч качан коргоодогу медициналык клиниканы атайылап бутага алган эмеспиз".

Кэмпбелл 5-октябрда авиасокку талиптердин огу астында калган ооган аскерлеринин суранычы боюнча урулган деп айткан болчу.

XS
SM
MD
LG