Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

ИМдин Босниядагы төрт колдоочусу соттолду


Босния-Герцеговинанын мамлекеттик соту “Ислам мамлекети” тобуна кошулууга аракет кылган Невад Хусидич менен Мерим Касеровичти 1 жылдан түрмөгө кести. Аларды Сирияга жөнөтүүнү уюштурган Хусейин Эрдич 3,5 жылга, экөөнүн жол киресин каржылаган Мидхат Трако 1,5 жылга эркинен ажыратылды.

Бул топ быйыл февралда Невад Хусидич менен Мерим Касерович Сараеводон Стамбулга учканы жатканда кармалгандан кийин камакка алынган. Жазага кириптер төртөө террорчулуктун жайылуусун токтотууга багытталып былтыр кабыл алынган мыйзам боюнча биринчи болуп соттолуп жатышкандар.

Полициянын маалымдашынча, акыркы үч жылда Босниядан Сирияга 200дөй жаран согушканы кеткен. Алардын 50сү кайтып келген, 30 чактысы Сирияда жайран болушкан.

XS
SM
MD
LG